2021-жылдын 15-декабрында, саат 15:00дө, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «ЭКО-КУРАК» көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт. Көргөзмөдө кесипкөй сүрөтчү жана курак колдонмо искусство мектебинин негиздөөчүсү Чолпон Аламанованын автордук долбоорунун катышуучуларынын ишинин жыйынтыгы көрсөтүлөт.

«ЭКО-КУРАК» азыркы коомдун орчундуу маселелерин көтөрүүдө. Анын ичинде  сырьёго кылдат мамиле кылуу, экологияны жакшыртуу, кыргыздын маданий мурастарын сактоо жана аялдардын жашоо деңгээлин көтөрүү идеялары бар.

Долбоорго 25 жаштан 70 жашка чейинки 200гө жакын кыз-келиндер катышты. Беш жарым айга созулган иштин жүрүшүндө катышуучулар куратордун жетекчилиги астында 300 кг кайра иштетилүүчү материалдарды иштетип, тигүү цехтеринин калдыктарынан заманбап кооз буюмдарды, анын ичинде интерьер буюмдарын, кийимдерди жана сувенирлерди эски курак ыкмасы менен тигүүнү үйрөнүштү. Долбоордун жыйынтыгы – кол өнөрчү айымдардын экологияны жакшыртууга, маданий мурастарды сактоого, жайылтууга жана кошумча киреше булагын табууга кошкон реалдуу салымы.

Идеянын автору жана долбоордун куратору Чолпон Аламанова Бишкектеги жана жалпы эле Кыргызстандагы экология көйгөйүнө тынчсызданууда. Бишкекти каптаган кара түтүн бүгүнкү күндө шаардын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири. Тигүү цехтеринин калдыктары шаардык таштанды жайда өрттөлүп, калк тарабынан көмүрдүн ордуна отун катары колдонулуп, абаны уулап, өзгөчө өпкөгө таасирин тийгизген COVID-19 пандемиясынын фонунда, адамдын ден соолугуна орду толгус зыян келтирүүдө.

«ЭКО-КУРАК» көргөзмөсүнө Бишкек, Ош, Таш-Көмүр жана Алматы шаарларынын «курак» техникасында иштеген сүрөтчү жана кол өнөрчү айымдары колдоо көрсөтүшүп, көргөзмөгө катышат.

Көргөзмө 2021-жылдын 15-декабрынан 29-декабрына чейин ачык болот.
Дареги: Бишкек шаары, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи, Ы.Абрахманова, 196, көч.