2021-жылдын 15-декабрында саат 15.00дө Ош шаарында «Аманат-Өмүр» Коомдук фонду Ош облустук көркөмсүрөт музейи менен биргеликте «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен Анжиян, Бишкек, Жалал-Абаджана Ош шаарларынын 10 сүрөтчүнүн чыгарма иштеринин көргөзмөсүн өткөрөт. “Социалдык искусство: идентификация долбоору” аталышындагы көргөзмө “Аманат-Өмүр” коомдук фонду тарабынан ишкеашырылып жаткан «Пост-карантин: келечек үчүн жаңы билим» долбоорунун алкагында өтүүдө.

Октябрь айында Кыргызстан жана Өзбекстан сүрөтчүлөрү үчүн көркөм сүрөт музейинде арт-резиденцияныөткөргөндөн кийин долбоордун катышуучулары тренер, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер ГамалБөкөнбаевдин колдоосу  менен көркөм чыгармаларды жаратуунун үстүндө иштешти. Көркөм резиденцияныналкагында катышуучулар маданий чөйрөсүнө терең кирүү менен биргеликте өздөрүнүн тажрыйбаларынчагылдырып, ой бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Көргөзмө  2021-жылдын 15-декабрынан 2022-жылдын15-январына чейин уланат.

Идеянын автору, долбоордун координатору, көркөм сүрөт музейинин директору Бактыгүл Мидинова белгилегендей, катышуучулар кыска убакыттын ичинде чоң иштерди жасашты. Көргөзмөдө ар бир сүрөтчү аркыл жанрдагы 4төн кем эмес эмгектерин тартуулайт. Маданий иш-чаранын негизги билдирүүлөрүнүн бири — заманбап сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгындагы актуалдуу социалдык маселелерди чагылдыруу.

Катышуучулар:
Ырысбай Төлөнов, Исмаил Урманов, Улан Жалиев (Ош)
Алмаз Самидинов, Абдусамат Мырзаев (Жалал-Абад)
Нюргуяна Инокентьева, Арууке Сыдыкова, Наталья Андрианова (Бишкек)
Расул Исманов, Муротвай Умаров (Анжиян, Өзбекстан)

Байланыш маалымат: Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи, Ош шаары, Көл Өнөрчүлөр көчөсү (мурдагы Алабастрова), 31. Телефондор: 03222 72416. Email: artmuseumosh@gmail.com.

Музейдин социалдык тармактардагы аккаунттары:
Instagram: @museum.osh
Facebook: https://www.facebook.com/oshksm