Дүлөй балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында окуган 309 окуучуга 100дөн ашык китеп жана арт-терапия үчүн 12 комплект канцелярдык буюмдар берилди. Басма окуу куралдарын тапшыруу салтанаттуу аземи 16-декабрда окуучулардын, мектеп мугалимдеринин жана Кыргызстандагы Борбор Азиядагы Евразия Фондунун (БАЕФ) менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Белекке берилген китептердин негизги мазмуну башталгыч класстын окуучуларына арналган. Андан тышкары психологиялык-педагогикалык колдоону уюштуруу жана жогорку класстын окуучуларынын арасында инклюзивдүү кесипке багыт берүү иш-чараларын өткөрүү боюнча усулдук мазмундагы китептерди да камтыйт. Ошондой эле үй-бүлөгө багытталган мамилени ишке ашырууга, баланы тарбиялоодо ата-эненин активдүү позициясын өнүктүрүүгө багытталган материалдар да бар.

Бул иш-чара «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен ФЕЦА тарабынан ишке ашырылып жаткан билим берүү долбоорунун алкагындагы угуусу начар балдар үчүн билим берүү процессин жакшыртууга багытталган. 2010-жылдан бери, бул долбоор 419 мектепти, 6511 баланы, 7805 ата-энени, ошондой эле мамлекеттик мекемелерден жана ЖОЖдордон 1567 мугалимди камтыды. Бул окуу жайлардын ишмердүүлүгү Марракеш келишимин аткаруу максатында Кыргыз Республикасы тарабынан колдоого алынат.

11 жыл ичинде Фонд ар кандай форматта жардам көрсөтүп келет. Анын ичинде консультациялык, билим берүү, маалыматтык, усулдук жана реабилитациялоо боюнча иш-чаралар бар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды жалпы билим берүүчү инклюзивдик процессте окутуу жана тарбиялоо үчүн методикалык жана окуу-усулдук каражаттардын 30дан ашык түрү иштелип чыккан. 2022-жылдын планы боюнча 419 мектептин санына дагы 38 мектеп кошулуп, балдардын саны 336 балага, 496 ата-энеге жана 205 мугалимге көбөйөт.

Мектеп директору К.Жаманбаева белгилегендей, «Угуусу начар балдардын өз убагында билим алуусу абдан маанилүү. Ушуга байланыштуу атайын орто окуу жайлары ресурстук-методикалык борборго айланып, Кыргыз Республикасындагы массалык билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу боюнча кызматташууну жолго салуулары керек».

Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучулары угуусу начар балдарды коомго интеграциялоо боюнча мындан аркы пландарды талкуулашты, анын ичинде коңшулаш орто мектептер менен биргеликте кызыкчылык топторун түзүү. Мектеп бутуруучулерунун мындан аркы профессионалдык тагдырын чечуу маселелери да каралат.

Өз кезегинде мектеп жетекчилиги окуучулар менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилени чыңдоо үчүн стратегиялык багыттарды иштеп чыгууга даяр экендигин билдирди.