Бишкекте Кыргызстандагы балдарын жалгыз багып жаткан энелерге  арналган фотокөргөзмө өтөт. Көргөзмөгө «Азаттык» радиосунун фото кабарчысы Гүлжан Турдубаева жалгыз бой энелердин жашоо турмушун чагылдырылган 20дан ашык документалдык сүрөтү коюлат. «Сен жалгыз эмессин…» деген аталышта уюштурулуп жаткан көргөзмөнүн ачылышы 22-декабрга белгиленүүдө.

«Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн», — деп белгилейт сүрөттөрдүн автору Гүлжан Турдубаева. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат.

«Азаттык» радиосу MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондунун жардамы менен октябрь айынан бери Кыргызстандагы жалгыз бой энелердин жашоосу тууралуу фото баяндарды жарыялап келет. Бул долбоордун максаты жалгыз энелер кабылган көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

Фотокөргөзмө Дордой-Плаза соода борборунда 21, 22, 23, 24-декабрь күндөрү өтөт.