Кыргызстандык режиссер Адилет Каржоевдин «Кара вагон» аттуу документалдык тасмасы «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен Тампере кинофестивалынын эл аралык кыска метраждуу кинофестивалынын сыйлыгына талапкерлердин арасында болду.

Боло турган эл аралык иш-чара 2022-жылдын 9-мартынан 13-мартына чейин Финляндиянын Тампере шаарында өтөт, Ал дүйнөдөгү кыска метраждуу тасмалардын фестивалдарынын арасында эң маанилүүлөрүнүн бири болуп саналат.

Быйыл эл аралык сынакка катышуу үчүн 6912 тасма келип түшкөн. Уюштуруучулардын айтымында бул абсолюттук рекорд. Жыйынтыгында дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 64 кыска метраждуу тасма тандалып алынган. Фестивалда Адилет Каржоев үчүн «Кара вагон» тасмасынын көрсөтүлүшү дүйнөлүк бет ачары болот, ошондой эле Кыргызстандан жалгыз документалдык тасма болуп чыкты.

Адилеттин тасмасы жер астынан 500 метр тереңдикте көмүр казып жаткан шахтерлор тобу тууралуу. Бригаданын негизги милдети кунделук планын орундатуу, бирок колундагы көмүр издеген керкинин ар бир урган сайын коопсуз зонадан алыстайт. Бригадир тобокелге салып, кооптуу аймакта көмүр казууну чечет.

«Бул адамдардын кайраттуулугуна, өжөрлүгүнө таң калдым. Бул адамдар жашоого да, мамлекетке да, башкага да арызданганды билишпейт. Алар колунан келгенин жасашат. Тартылган тасма адамдын чексиз мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө. фильмдин каармандары адам ар кандай кырдаалга ыңгайлаша аларын көрсөтөт”,-дейт режиссёр Адилет Каржоев.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун аркасы менен команда тасманын фестивалдык жарнамасын уюштуруп, аны фестивалга келген 30 000ден ашык кино күйөрмандарына гана эмес, документалды тасма категориясы боюнча сынактын калыстар тобуна да тартуулай алды.

Фильмдин трейлери:: https://youtu.be/exDe0Tl9KBU