2-апрелде жыл сайын Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү бүткүл дүйнөдө белгиленет. Кыргызстанда 2021-жылы Республикалык медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалыматы боюнча, аутизми бар балдардын саны 630га жакын. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын саны 34 миңди түзөт. Бул жалпы өлкөнүн балдарынын 1,1%ын түзөт, анткени КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 17 жашка чейинки 2 млн 400 миңден ашык бала жашайт. Эгерде Кыргызстанда аутизмдин таралышы заманбап диагностикалык методдор менен өнүккөн өлкөлөргө окшош болсо же Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) баалоосу боюнча (балдардын жалпы санынын 1%ында аутизм бар), анда Кыргызстанда 20 миңден ашык бала аутизм спектринин бузулушуна (АСБ) чалдыккан.

Кыргызстанда 2018-жылы кабыл алынган аутизм боюнча клиникалык көрсөтмөлөргө ылайык, аутизмди дары-дармек менен дарылоого болбойт. Анын ордуна бала менен узак жана өтө түйшүктүү сессиялар керек. Аутизми бар балдардын ата-энелери көбүнчө учурда сыйкырдуу таблетка бар деп ойлоп, аны табууга аракет кылышат. Бирок жүрүм-турумдун прикладдык анализи (ABA терапиясы) сыяктуу далилденген ыкмага негизделген билими жана көндүмдөрү бар адистерди издөө керек. Кыргызстанда көп ата-энелер биринчи кезекте баласы менен иштешүү үчүн кайра окуудан өтүп, психологдун кесибин алышат.

Кыргызстанда майып балдар, өзгөчө аутизми бар балдар иш жүзүндө билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, алар үчүн атайын даярдоо класстары жок, ошондуктан жалпы билим берүүчү мектепке кирүү кыйын. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектепке чейинки мекемелерге кабыл алынбайт. Балдардын майыптыгы жана балалык аутизм жөнүндө коомчулуктун маалыматынын өтө төмөн болушу бул балдарды четтетүү жана «үйрөтүүгө мүмкүн эмес» стереотибине алып келет.

«Биздин өлкөдө аутизм көйгөйү менен өз алдынча күрөшкөн жеке демилгелер жана активдүү ата-энелер бар экенине кубанычтабыз. Мисалы, 2017-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен Ош шаарында аутизми бар балдарга арналган «АВА Mama+» эрте жардам берүү борбору ачылып, жабдуулар жана бардык керектүү материалдар менен жабдылган. Борборду бүгүнкү күнгө чейин уюмдун өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан Абдупаттаева Наргиза Хасановна жетектейт», — деп белгилейт «Смайл. КейДжи» коомдук фондунун директору Кузнецова Лариса.

Бүгүнкү күндө борбордо Кыргызстандын түштүгүнөн келген 200дөн ашык аутизми бар балдар каттоодо турат. Балдардын ата-энелери күн сайын психологиялык-педагогикалык консультация ала алышат. 10 бала үчүн ABA терапиясынын негизинде жеке программа иштелип чыккан, алар менен психологдор — ABA инструкторлору иштешет. Аутизми бар балдарга сапаттуу квалификациялуу жардам көрсөтүү максатында борбордун бардык адистери тынымсыз окуп, квалификациясын жогорулатып турушат. Атап айтканда, эл аралык сертификаттоо үчүн ABA терапиясын тереңдетип изилдөө, Санкт-Петербургда өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдарга эрте кам көрүүнүн негиздерин үйрөнүү жана «Аутизми бар балдарга эрте кийлигишүүнүн Денвер модели» тааныштыруу семинарына катышуу. Ошондой эле, Москвада америкалык адистердин катышуусу менен өткөн онлайн окутуу жана «Аутизм спектринин бузулушу» сертификатын алуу да кирет. Мунун баары сапаттуу иштөө үчүн маанилүү дейт, «Смайл. КейДжи» коомдук фондунун директору. Андан тышкары, «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен «АВА Mama+» борборунун кызматкерлери Новосибирск шаарындагы «Мозаика» борборунун иши менен таанышты. Алар аутизм чөйрөсүндөгү алдыңкы эксперттерден алгачкы консультацияларын алышып, “ABA терапиясы боюнча тест жана жеке программаларды түзүү жана аутизми  бар баланын өнүгүүсү” курсунда окушкан.

2021-жылы Республикалык медициналык-социалдык экспертиза (МСЭК) психикалык жактан жабыркаган балдарга чоң көңүл буруп, алар үчүн бир аз жеңилдиктерди жасаган. Тактап айтканда, буга чейин ата-энелер жыл сайын документ чогултуп, комиссиядан өтүп, баласынын аутизмге чалдыккандыгы тууралуу тастыктама алууга аргасыз болушкан. Бул майыптык статусун алуу жана жөлөкпул алуу үчүн зарыл. Эми диагнозду ырастоо үчүн аутизми бар балдарды ооруканага алып баруунун кажети жок.