2022-жылдын 16-апрелинде Бишкек заманбап искусство мектеби (БишСи) «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу Ысык-Көл районундагы музейлердин кызматкерлери үчүн 2021-жылдын августунан 2022-жылдын мартына чейин жүргүзүлгөн «Катышуу музейи» билим берүү программасынын жыйынтыктарынын презентациясын өткөрөт. Уюштуруучулар программанын жүрүшүндө кесиптештерин кантип даярдашканы, кандай публикацияларды, изилдөөлөрдү жана эмне көргөзмөлөрдү өткөрүшкөнү тууралуу айтып беришет. Иш-чара саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кинолекториясында башталат.

Боло турган презентацияда «Катышуу музейинин» авторлору өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүшүшөт, анын ичинде жергиликтүү коомчулукту жана потенциалдуу аудиторияны изилдөө, ошондой эле илимий-изилдөө көргөзмөлөрүндө чагылдырылган көркөм изилдөөлөр да бар. Аларды азыркы тапта Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругуна, ошондой эле Чоң Сары Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборуна барып көрсө болот. Бул теориялык жактан билим алуудан аны практикада колдонууга чейин үйрөнүү процессин камтыйт.

Ошондой эле иш-чаранын уюштуруучулары билим берүү программасынын теориясын жана практикасын, процесстердин концепцияларын жана фотосүрөттөрүн, музейдик көргөзмөлөрдү камтыган зин каталогун тартуулашат. Бул атайын иштелип чыккан каталог окуу куралы катары колдонулуп, музейлерге жана маданият мекемелерине же көркөм изилдөө темасы менен иштөөнү каалагандар үчүн арналган. Зин-каталогун https://soros.kg/wp-content/uploads/2022/04/aralash-7-bishsi.pdf шилтемесинен көчүрүп алса болот.

Программанын куратору Оксана Капишникованын айтымында, музейдин жаңы тенденциясы – партиципатордук музей (биргелешкен/катышуу музейи), бул чөйрөдөгү көптөгөн көйгөйлөрдү чечип, алардын заманбап, суроо-талапка ээ болушуна, музей аудиториясын кайтарууга жана активдештирүүгө жардам берет.

« Бул багытты өнүктүрүү менен биз музейди ар түрдүү маданий жана тарыхый эстутумду сактап турган жандуу, тынымсыз толуктап жана өзгөрүп туруучу түзүм катары көрө алабыз», — дейт Оксана Капишникова, «Анткени, музей – бул топтолгон тажрыйбанын архиви. ошондой эле өткөн муундардын билими жана экспонаттары. Анын үстүнө заманбап баяндар менен иштөө, өткөндүн тажрыйбасын кайра карап чыгуу жана жаңылоо абдан маанилүү».