Ысык-Көлдүн жээгинде 11–15-июлда “Ойлон Кемптин” финалисттери үчүн адам укуктары жөнүндө чыгармачыл лагерь болуп өттү. 270 ашык адам катышкан конкурстун 50 катышуучусу ар түрдүү кесиптин ээлери болуп саналышат. 4 күндүн ичинде эл аралык жана белгилүү эксперттер катышуучулар менен интенсивдүү иштеди. Алар топтордо мастер-класстарды, практикалык сабактарды, чыгармачылык жана адам укуктарын коргоо менен байланышкан темаларды талкуулоону жана презентациялону өткөрүшкөн.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун уюштуруучулары белгилегендей, башкы идея катышуучулардын чыгармачылык потенциалын ачуу жана адам укуктары менен тааныштыруу менен бекемделет. Интернет-технологияларынын жана социалдык тармактардын өнүгүшү менен жарандык активизм чыгармачылык жана креатив аркылуу жаңы мамилеге муктаж болууда.

“Адам укуктары жөнүндө окутуучу кемпти ишке киргизүү идеясын ойлонгонубузда адам укуктары менен чыгармачылыкты, искусствону жана креативди байланыштырууну чечтик. Финалга артисттер, музыканттар, акындар, кыргыз балетинин өкүлдөрү, бийчилер, активисттер, укук коргоочулар, адвокаттар, юристтер жана башкалар өтүштү”, – дейт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Укуктук программасынын директору Нуриана Картанбаева.

Биринчи 2 күнү катышуучулар чет өлкөдөн келген жана Кыргызстандык чыгармачыл чөйрөдөгү, сүрөтчүлөрдү, тик-токчуларды, блогерлерди, маркетологдорду жана импровизаторлорду кошкондо чакырылган спикерлер менен иштешти. Ошону менен бирге искусство, активизм, гендердик оптика жөнүндө баарлаштык жана социалдык контенттин мүмкүнчүлүгүн ажыраттык. Ошондой эле алар кызыктуу подкасттарды жасоону үйрөнүштү жана сторителлинг аркылуу маалымат алууну билишти. Оюн сабактар аркылуу алган билимдерин бекемдешти, Прагадан келген кесипкөй тренерден импровизациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча сессиялар аркылуу каалаган милдетти чечүүгө креативдүү мамиле кылууга үйрөнүштү. Үчүнчү жана төртүнчү күнү уюштуруучулар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочуларды чакырышты, алар укук коргоо ишинин жана жарандык активизмдин негиздерин жана баалуулуктарын түшүнүүгө жардам беришти. Андан тышкары, кемпти жыйынтыктоочу күнү катышуучуларга белгилүү манасчы Самат Кочорбав манас айтты, ал улуу эпостун призмасы аркылуу кыргыздардын ата-бабаларынын дайыма адам укуктарынын жана эркиндектеринин башында турган баалуулуктары жана каада-салттары жөнүндө, аялдардын ролу, парламентаризмдин негиздери, демократия жана адилеттүү сот укугу тууралуу баяндады.

“Биз керектүү пайдалуу билимдерди жана көндүмдөрдү алдык, мастер-класстарга катыштык, ушул төрт күн бою талкууладык жана ой жүгүрттүк. Биздин мындан аркы аракетибиз башка идеяларды жаратуу үчүн кыргызстандыктарды ойлонуучу элге айландырууну каалайм”, – дейт Болот, Oilon Camp-тин катышуучусу.

Уюштуруучулар музыканттардын, балеттин солисттеринин, жазуучулардын жана акындардын, кинематографтардын, блогерлердин, журналисттердин жана юристтердин, адвокаттардын жана жарандык активисттердин ортосунда жаңы коллаборациялар жаралат деген ишенимди көрсөтүштү. Кыргызстандыктар өлкөнү өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө жаңы көз караштарда жаңы спектаклдерди жана опера жана балеттин театрында коюуларды, жаңы актуалдуу документалдуу тасмаларды жана социалдык тасмаларды, ырларды жана жазуучулар менен композиторлордун коомдун социалдык маанилүү көйгөйлөрү тууралуу башка чыгармаларын көрүшөт.

Пайдалуу шилтемелер:
https://youtu.be/TX8RvYjQKP4
https://youtu.be/QaRny8xxyU4
https://youtu.be/C7HK2DFOdZw
https://youtu.be/6GiuDduAxfA