Бүгүн биздин фонддун кеңсесинде “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын ишин жарандык коом тарабынан баалоо индикаторлор системасынын (KPI) көрүнүшү” аттуу семинар өтүүдө.

Иш-чаранын максаты — муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча отчеттуулук системасынын бирдиктүү көз карашын түзүү үчүн мэриянын өкүлдөрү, муниципалдык башкаруу органдарынын эксперттери жана жарандык коомдун ортосунда талкуу жүргүзүү.

«Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов белгилегендей бул иш бишкектиктерди шаардык демилгелерге тартуу үчүн дагы, муниципалитет үчүн дагы абдан маанилүү. Айрыкча, маалыматты жарандарга сөз менен эмес, далилдүү базасы менен жана сандар менен бере турган болсо. Мисалы, биринчи шаардык http://citydata.kg маалымат платформасы да керектүү курал катары кызмат кыла алат.

Бүгүнкү жыйынды Бишкек мэриясынын 25-августтагы буйругу менен муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн KPI системасын иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ өткөрүүдө. Жумушчу топтун мүчөлөрү белгилегендей, кабыл алынган негизги көрсөткүчтөрдүн негизинде иштин белгилүү бир мезгилине комплекстүү баа берилип, рейтинг түзүлөт.