Жыл сайын 23-сентябрда Кыргыз тил күнү белгиленет. Бул күн кыргызстандыктарга биздин мамлекеттик тилибиздин билим берүүдө, журналистикада, чыгармачылыкта, улуттук иденттүүлүктө, маданий мурастарды сактоодо жана кыргызстандыктардын ар биринин рухун көтөрүүдө маанилүүлүгү жөнүндө эскертүү менен кызмат кылат.

Кыргыз тилин жарандардын жашоосунун бардык аспекттерине киргизүү аны коддоодо жана колдонууда негизги ролду ойнойт. Ошондой эле тилди жайылтууда аны медиа-контентте жана тексттик материалдарда презентациялоо маанилүү. Кыргызстандын жашоочулары үчүн жаңылыктар жана билим берүү материалдары сыяктуу маалыматтык контентти өндүрүү бай жана уккулуктуу кыргыз тилинде чагылдырылууга тийиш.

Бүгүнкү күндө дал ушул кыргыз тилинде чыгарылган медиапродукттар талаптагыдай финансылык жана ментордук колдоо алышат. “Сорос-Кыргызстан” Фондунун колдоосунда маанилүү көйгөйлөр тууралуу контент түзүүгө креаторлорго жардам берген MediaJasa программасы экинчи жылы ар түрдүү темадагы медиапродукттарды чыгарып баштады:

1. Batken Times – Баткендиктердин өздөрүнүн Баткен жөнүндө актуалдуу жаңылыктардын маалыматтык ресурсу
https://www.instagram.com/batken_times/
https://www.facebook.com/batkentimes

2. Сүйлө. Тартынба! – кыргыз тилинде сүйлөөнү каалагандар үчүн ресурс
https://www.instagram.com/suilo.tartynba/

3. Өзгөчө – аутист балдардын ата-энелерине маалыматтык колдоо
https://www.instagram.com/ozgocho.kyrgyzstan/

4. Биринчи жардам – балдарга биринчи жардам көрсөтүү жөнүндө ресурс
https://www.instagram.com/birinchi_jardam/

5. Эркин Кыз Коому – кыздардын укуктары жөнүндө долбоор
https://www.instagram.com/erkinkyz_/

6. Эки Дарыгер – оорулар, медициналык көйгөйлөр тууралуу жеткиликтүү тилдеги подкаст
https://www.instagram.com/ekidaryger/
https://www.youtube.com/channel/UCESOyayhlD9r_GPl2adc8zg/videos
https://anchor.fm/ekidaryger

7. КанTIP? – аялдар гигиенасы темасында видео эксплейнер
https://www.youtube.com/channel/UCiIslo6BI08DQlOcsyONYBw/videos

8. Билим Булагы – адам укуктары жөнүндө билим берүүчү ресурс
https://www.instagram.com/bilimbulagy.kg/

Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде басма сөз эркиндиги боюнча алдыңкы позицияда болгонуна карабастан, кыргыз тилдүү ЖМКлар көпчүлүк учурда дал ушул кыргыз тилинде жүргүзүлгөн зарыл билим берүүчү ресурстарга ээ эмес. “Журналисттер” КБ – региондук медиалардын көйгөйлөрүнө чоң көңүл бурган жана аларды чечүүгө жардам берген аз уюмдардын бири.

“Сорос-Кыргызстан” Фонду journalist.kg командасы менен биргелешкен күч-аракеттер аркылуу акыркы жылдары медиауюмдар менен жолугушуулар, журналистика жана иликтөө боюнча онлайн мастер-класстар, ЖМКлардын эркиндиги боюнча карикатуралар конкурстары уюштурулду, COVID-19 мезгилинде журналисттерге жардам, Оштогу региондук форумга колдоо, 2021-жылы Баткендик журналисттерге ресурстук колдоо көрсөтүлдү, мобилдүү журналисттер үчүн жабдуулар сатып алынды жана андан кийин бирикмелердин тренингдери өткөрүлдү, ошондой эле кыргызстандагы журналистиканын абалы жөнүндө көптөгөн медиаматериалдар чыгарылды.