Кыргызстанда жугуштуу оорулардын кескин көбөйүшүнө байланыштуу «118 ыкчам байланыш» кызматы кыргызстандыктарды баштапкы медициналык жардамга кайрылууга чакырат.

Бүгүнкү күндө «118» кызматы Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA), БУУнун өнүгүү программасынын (ПРООН) жана «Сорос-Кыргызстан» Фондунун каржылык жана техникалык колдоосунун аркасында Кыргызстандын бардык аймактарында иштейт. Анын ичинде 7 аймакта бирден колл-борбор жана Бишкек шаарындагы 4 коллl-борбор күн сайын саат 09.00дөн 18.00гө чейин иштеп жатат. «Сорос-Кыргызстан» Фонду бул кызматты иштетиш максатында керектүү жабдуулар менен жабдып, адистердин тобун тренинг алып барып окутту.

«118 ыкчам байланыш кызматы Бишкектин ооруканаларын бир топ жеңилдетти. Статистикалык маалыматтарга ылайык, ооруканага кайрылгандардын 10% гана ооруканага жаткырылган. Көпчүлүгү ооруканада 1-2 күн гана жатып, анан чыгарылат. Ыкчам линияга чалып, оорулуу адам үйдө отуруп, амбулатордук жол менен дарыланса болот», — дейт Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары Элден Калчыкеев.

Анын айтымында, линияга күнүнө 40-60 чалуу келип түшөт. Оорулуулар адистин кеңешин угуп, биринчи кезекте психологиялык жардам алышат, стресстен арылышат. Андан кийин операторлор оорунун белгилерин түшүнүшүп, туура эмес дарылоодон ден-соолукка зыян келтирбөө үчүн кайсы дарыларды ичип, кайсынысынан баш тартууну кеңеш беришет.

«Биз ыкчам линиянын ишине мониторинг жүргүзүп, өлкөдөгү жалпы эпидемиологиялык абалга жана статистикага көз салып турабыз. Тилекке каршы, бардык эле кыргызстандыктар 118-ыкчам байланыш кызматы тууралуу биле бербейт жана көбунчөсу эскиче ойдо бул Ковидке гана байланышы бар деп ишенишет экен ”, — дейт «Сорос-Кыргызстан» Фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Илимбек Садыков.

Кыргызстандыктар төмөнкү жардам алуу үчүн ишеним телефонуна кайрылса болот:

  • Жугуштуу оорулар, грипп, COVID-19 жана башка оорулар боюнча баштапкы медициналык консультация;
  • Оорукчандын абалына онлайн ыкчам клиникалык баа берүү жана зарыл болгон учурда сунуштарды берүү;
  • Ошондой эле, үй-бүлөлүк дарыгерлер боюнча маалымат жана алардын иштөө графиги туралуу биле алышат.