“Сөз жана өзүн көрсөтүү эркиндиги” программалык багыттын алкагында «Сорос-Кыргызстан» фонду “Искусство актуалдуу социалдык көйгөйлөргө карата коомдук дискурстун калыптануусуна жол берген өзүн көрсөтүү ыкмасы катары” аттуу темага гранттык сынактын баш алуусу туурасында жарыялайт.  

Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат, тактап айтканда, 18 жашка толгон жарандар, жана ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар.

Сынактын максаты: маалымдоого же креативдүү каражаттардын жана форматтардын жардамында, анын ичинде автордук көз караш жана тигил же бул теманын тегерегиндеги окуяларга жооп кайтаруусу менен актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган арт-демилгелерди жана долбоорлорду колдоо.

Арыз тандоо критерийлери:

  • Сунушталган идеянын креативдүүлүгү жана жаңылыгы,
  • Ачылып бериле турган теманын же көйгөйдүн жарандардын кеңири чөйрөсүнө тиешелүүлүгү
  • Теманын Кыргызстан үчүн актуалдуулугу
  • Долбоордун туруктуулугу
  • Долбоордун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү
  • Ачык коомдун идеяларына жана баалуулуктарына туура келүүсү

*Аймактардагы искусствонун маанилүүлүгүн бекемдөөгө багытталган, ошондой эле кыргыз тилиндеги долбоор идеялары артыкчылыкка ээ болот.

Долбоор сунуштарын кабыл алуу жана тандоо процедуралары:

Искусствонун формасы жана түрү боюнча чектөөлөр жок. Бул мем, сүрөт, графика, скульптура, живопись, паблик арт, документалдуу тасма, музыка, бий, анын ичинде декоративдүү жана колдонмо искусство болушу мүмкүн. Форматы боюнча продукт/контент түзүүгө, жана мастер-класс, лекция, ретрит, сынак жана ушу сыяктуу түрдөгү иш-чараларды өткөрүүгө жол берилет. Арыздар кесипкөйлөр чеберлер сыяктуу эле сүйүүчүлөрдөн да кабыл алынат.

2 түрдөгү грант каралган:

Чакан гранттар –5,000 долларга чейин
Гранттар — 20,000 долларга чейин

Ким катыша алат?

  • Жеке адамдар жана ЖИ (5,000 долларга чейинки чакан гранттар категориясында гана)
  • Коммерциялык эмес уюмдар (КБ, КФ, ККФ)
  • Билим берүүчү же мамлекеттик мекемелер
  • Коммерциялык уюмдар

Сынак 3 баскычта өтмөкчү. Биринчи баскычында долбоор концепциялары жана бюджеттин жалпы суммасы гана кабыл алынат.

Арызга кийинкилер милдеттүү түрдө камтылышы зарыл:

  • Идея туурасында маалымат
  • Долбоор максаты жана милдеттери
  • Күтүлгөн натыйжалары
  • Жанры жана форматы
  • Ишке ашуу мөөнөтү
  • Буга чейинки иштерге шилтемелер
  • Статьялары боюнча болжолдуу бөлүштүрүлгөн бюджеттин жалпы суммасы

2-баскычында тандалып алынган идеялардын авторлору гана СКФ грант арыз формаларын толтуруп, аны толук бюджети менен бирге жөнөтүшү керек.

3-баскычында жарым финалисттер комиссия алдында өз идеясын жактоосу үчүн 5 мүнөткө чейинки питчинг-видеосун жаздырып алышы керек. Бул баскычта тандалып алынган долбоорлор эксперттер комиссиясынын пикирине жараша толукталып, келишим түзүү жана кийинки ишке ашыруусу үчүн коштомо иш-кагаздарынын толук пакети менен бирге басма жана электрондук түрдө тапшырылышы зарыл.

Сынактын аталышы көрсөтүлгөн онлайн арыз 2023-жылдын 16 апрели, саат 18:00гө чейин жөнөтүлүшү зарыл. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч толтурулган же жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген арыздар караштырылбайт.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 1 жылдан ашык эмес. Арыздар орус жана кыргыз тилинде кабыл алынат. Кийинки турга өткөн талапкерлер гана маалымдалат.

Онлайн арызды бул жерден толтурууга болот: https://forms.gle/oz2kMDzh4o2RufzE6

Байланыш адамы: Айдай Норузбаева, “Сөз жана өзүн көрсөтүү эркиндиги” программалык багыттын координатору aidai@soros.kg