Көз карандысыз медиаларды колдоо максатында гранттык конкурс боюнча маалымат жолугушуусунун бет ачары бул жерде.
Zoom форматындагы жолугушуунун Facebook трансляциясы бул жерде.

Гранттык конкурста кайсы идеялар көбүрөөк колдоого кабыл алынышы мүмкүн? Ушул жана башка суроолордун жообу, кантип арыз тапшырса болот, кандай долбоорлор актуалдуу, долбоорлор кандайча жана кайсы мезгилде ишке ашырылып жатат, сиз «Сорос-Кыргызстан» Фондунун маалымат жолугушуусунан билип алсаңыздар болот.

Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларды колдоо максатында ЖМКларды өнүктүрүү программасынын гранттык конкурсу боюнча маалыматтык жолугушуу 4-март, Бейшемби күнү, саат 14:00дө өтөт. Жолугушуу Zoomда болот. Конкурска катышууну каалагандар баардык суроолорго толук жооп ала алат.

Спикерлер:
– Тынымгуль Эшиева, ЖМКларды өнүктүрүү программанын директору
– Салима Джетыбаева, ЖМКларды өнүктүрүү программанын координатору
– Самат Бегалиев, грант-менеджер

Жолугушуу күнү: 4-март, саат 14:00.

Конференцияга шилтеме бул жерде.
Конференциянын идентификатору: 819 9851 1475
Кирүү коду: 332937
__________
Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларда долбоорлорду колдоого гранттык конкурс демократиялык процесстерге катышуу үчүн жарандарды маалымдоого, тартууга ЖМКнын маанилүү ролун таанууга жана түшүнүүгө негизделген медиаконтенттерди илгерилетүүгө жана жайылтууга багытталган.

Максаты: алардын аудиториясын кеңейтүүгө, маалыматтарды берүүдө жаңы мамилелерди пайдаланууга жана редакциянын туруктуулугу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган демилгелерди колдоо аркылуу көз карандысыз ММКларды бекемдөө.

Электрондук вариантта applications@soros.kg электрондук дарегине документтердин аталышы менен, бир архивдештирилген файлда өтүнмөгө алгачкы тиркелген өтүнмөнүн, бюджеттин жана документтердин толтурулган электрондук божомолдору жөнөтүлөт.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 19-март, 15:00гө чейин.
Конкурс боюнча толук маалымат бул жерде.

Байланышуучу жак (ФИО): Салима Джетыбаева, salima@soros.kg