Гранттык конкурстун алкагында ким изилдөөчү катары катыша алат?
Ушул жана башка суроолордун жообу, ким жана кантип арыз тапшырса болот, кандай изилдөөлөр актуалдуу, долбоорлор кандайча жана кайсы мезгилде ишке ашырылып жатат, сиздер «Сорос-Кыргызстан» Фондунун маалымат жолугушуусунан билип алсаңыздар болот.

Кыргызстандагы коррупция көйгөйлөрүн иликтөө темасында изилдөөлөр конкурсу боюнча маалыматтык жолугушуу 12-март, Жума күнү, саат 16:00дө өтөт. Жолугушуу Zoomда болот. Конкурска катышууну каалагандар баардык суроолорго толук жооп ала алат.

Спикерлер:
– Эмилбек Джураев, «Демократиялык башкаруу» программанын директору
– Баглан Мамаев, «Демократиялык башкаруу» программанын координатору

Жолугушуу күнү: 12-март, 16:00.

Конференцияга шилтеме бул жерде.
Конференциянын идентификатору: 863 1999 3557
Кирүү коду: 576846
__________

Коррупцияга каршы көрүлүп жаткан чараларга карабастан, Кыргызстанда коррупциянын улана беришин эмне менен түшүндүрсө болот? Кыргызстандагы коррупциянын туруктуулугуна кандай көрүнүштөр, ченемдер, механизмдер, баалуулуктар өбөлгө болуп жатышы мүмкүн? Мамлекеттик башкарууда жана өлкө коомчулугунда коррупцияны натыйжалуу жоюу жана алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Коррупция менен күрөштө кайсы факторлор, процесстер, куралдар үзүрлүү болушу мүмкүн?

Ушул суроолорго жооп издеп, «Демократиялык Башкаруу» программасы изилдөөчүлөр арасында гранттык конкурсун өткөрөт.

Бул сынактын максаты — кызыкдар жана квалификациялуу изилдөөчүлөрдү коррупциянын ар кандай аспектилерин олуттуу талдап чыгууга чакыруу жана бул көрүнүшкө каршы аракет үчүн жигердүү, практикалык иш-чараларды аныктоо жана сунуштоо.

Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 15-март, 15:00гө чейин.
Конкурс боюнча толук маалымат бул жерде.

📩 baglan@soros.kg
joomart@soros.kg
☎️ 0 (312) 663 475 (доб. 104 и 131)