«Сорос-Кыргызстан» Фонду «Демократиялык башкаруу» программасынын «Кыргызстанда коррупциянын көйгөлөрүн изилдөө» темасында изилдөө жүргүзүүгө карата гранттык конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин жарыялайт. Төмөндө долбоорду ишке ашырууга грант алган уюмдардын аталышы жана алардын идеяларынын сыпаттамасы берилди.

Кыргызстанда коррупция көйгөйлөрүн иликтөө боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө карата гранттык конкурс

Коррупция Кыргызстанда өнүгүүнүн жана сапаттуу башкаруунун маанилүү көйгөйү болуп саналат. Коррупциянын кесепеттери көп кырдуу. Коррупциялык көрүнүштөр чечимдерди кабыл алууда жарандардын кызыкчылыктары жана талаптары натыйжалуу эске алынышы үчүн бөгөт болуп саналат. Коррупция коомдо ресурстарды жана жыргалчыктарды бирдей эмес жана адилетсиз бөлүштүрүүнү колдойт. Коррупциялык көрүнүштөрдөн улам мамлекеттик башкарууда кадрларды сапаттуу тандоо жана башкаруучуларды жаңылоо жүрбөйт. Мыйзамдардын айкындыгын, мүлктөрдүн жана ишмердиктердин коопсуздугун, коопсуз салымдардын кепилдиктерин талап кылган – туруктуу экономикалык өнүктүрүү дагы коррупциялык көрүнүштөрдөн улам максатына жетпейт.

Конкурстун максаты: коррупцияны ар түрдүү аспекттерде олуттуу изилдөөгө жана бул көрүнүш менен күрөшүү боюнча негиздүү практикалык чараларды иштеп чыгууга карата кызыкдар жана квалификациялуу изилдөөчүлөрдү тартуу.

Бул иш-чара – изилдөөлөр сериясы – Фонддун өзүнө да, бардык башка кызыкдар тараптарга да, Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча андан аркы демилгелер жана чаралар үчүн катуу эмпирикалык негиз берүүгө чакырык болуп саналат. Атап айтканда, бул изилдөөлөр жетектөөчү коррупциялык көрүнүштөрдөгү укуктук, экономикалык ж.б. механизмдери түшүнүктөрүндө – коомдо, маданиятта, коомдук институттарда коррупцияны шарттаган конктерттүү факторлорду аныктоодо боштуктарды толтурууга тийиш. Ошол эле мезгилде бул изилдөөлөр коррупцияга каршы ааркеттенүүнүн таасирдүү мамилелерин, чараларын жана механизмдерин изилдөөгө жана сунуштоого тийиш.

Келип түшкөн 44 өтүнмөнүн ичинен төмөнкү алты долбоордук сунуштар тандалып алынды:

  1. Аленкина Наталья / Асанбаева Динара – Арбитражда коррупциянын алдын алуу: «нөлдүк толеранттуулук» принцибин имплементациялоо.
    Долбоордун сыпаттамасы: эл аралык деңгээлде арбитражда коррупциянын алдын алуу жана күрөшүү чөйрөсүндө кандай стандарттар жана мыкты тажрыйбалар бар экендигин жана улуттук системада тандоолорду изилдөө
  2. Махмудова Гульжан – Кыргызстанда тоо-кен казуу секторунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктин өбөлгөлөрү жана чакырыктары.
    Описание проекта: Кыргызстанда тоо-кен казуу секторунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктер менен чакырыктарды аныктоо жана белгилөө. Ошондой эле учурдагы системаны жакшыртуунун жолдорун аныктоо, жер казынасын пайдаланууда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн кемчиликтерин жана иштебеген механизмдерин айкындоо.
  3.  «Өнүктүрүү саясат институту» КБ – жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматтарына жетүүсүндө региондук теңсиздиктин фактору катары бюджет аралык мамилелердеги коррупциялар үчүн кылтак.
    Долбоордун сыпаттамасы: жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу  кызматтарына региондук теңсиздикке карата бюджет аралык мамилелерде коррупциялык таасирлердин масштабын аныктоо.
  4. «Evidence CA» изилдөө институту» – Бишкек шаарынын мисалында жаңы абонентти кошуу тарыхы: татаалдыгы, практикасы жана схемалары.
    Долбоордун сыпаттамасы: Бишкек шаарынын мисалында жаңы абоненттерди кошууда мыйзам-ченемдүүлүктү аныктоо жана коррупциялык схемалар көрүнүшүн түшүнүү үчүн жаңы абоненттерди кошуу практикасын изилдөө (турмуш-тиричилик жана чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү).
  5. Билим берүү демилгелерин колдоо фонду – Билим берүүдөгү коррупция коомдогу коррупцияны нормалдаштыруучу фактор катары.
    Долбоордун сыпаттамасы: билим берүүдөгү коррупцияга окуучулардын мамилесин жана динамикалык сторителлинг (окуяны баяндоо, жайылтуу) методологиясын пайдалануу менен коррупциялык практикаларга аларды тартуу.
  6. «Борбордук-Азиялык барометр» КФ – Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар системасындагы коррупция.
    Долбоордун сыпаттамасы: Онлайн портал аркылуу жүзөгө ашырылуучу КР мамлекеттик сатып алуулар системасындагы кемчиликтерди айкындоо жана коррупция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү күчтөндүрүүгө / минималдаштырууга таасир эткен факторлорду жана мамлекеттик сатып алуулар системасын жакшыртуунун ыкмаларын аныктоо.