Бүгүн Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленүүдө. Ден соолукту сактоо, эс алуу, өз оюн эркин билдирүү жана башка укуктардан тышкары, ар бир бала биринчи кезекте мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде милдеттүү тартипте камсыз кылынган жана акысыз билим алууну кепилдеген сапаттуу билим алууга укуктуу

Пандемия Кыргызстанга капыстан кирип келди, калк аралыктан окутууга даяр эмес болчу. Бул тажрыйбадан улам бардыгы жабыр тартышты: окуучулар дагы, мугалимдер дагы, ата-энелер дагы. Мектептердин көпчүлүгү онлайн окутуу жана онлайн-сабактарды уюштуруу боюнча тажрыйбалары жок. Ата-энелер үйдө балдарына сабактын темаларын өз алдынча түшүндүрө албай кыйналышты. Карантиндик режимден кийин алар кыскартууга учурап, өздөрү жаңы жумуш издөө үчүн жардамга муктаж эле.

Сосновка айлынын тургуну Кеңеш Ариповдун беш баласы бар. Алардын төртөө мектепке барат. Улуусу сегизинчи класста, экинчиси – алтынчы класста, үчүнчүсү – үчүнчү класста, ал эми кенжеси – биринчи класста. Биринчи класстарга мектепке барууга уруксат берилгендиктен, кенжесине телефон керек эмес болду. Кеңеш курулуш менен алектенет, ал эми жубайы «талаада» жалданып иштейт, бирок балдардын аралыктан окуусун зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн бул жетишсиз. Алардын өздөрүнүн үйү жок, бардык чыгымдар тамактанууга жана батирдин ижарасына кетет. Үч баласы телефонду бөлүшө албай жатканын көрүп, Кеңештин жүрөгү ооруйт.

Интернет-байланыш сапатынын төмөндүгү, технологиялык каражаттардын жоктугу, онлайн окутуу тажрыйбасынын жоктугу – бул көйгөйлөрдүн бөлүгү гана. Дайыма үйдө болуу менен окуучулар окууга көңүлдөрүн топтой алышкан жок, анткени үйдө кичүү карындаштарына же сиңдилерине жана инилерине, үй иштерине жана кырдаалга жинденген ата-энелерине алаксып жатты. Мугалимдер санарип дүйнөсүнө абдан тез ыңгайланышуусуна туура келди, бул аларга жаш муундарга салыштырмалуу оңой болгон жок. Бул кайрадан баарын стресске алып келди. Үйдө партанын же жок дегенде жөнөкөй эле ашкана үстөлүнүн жоктугу окуучулардын окууга көңүл буруусуна мүмкүндүк түзбөйт. Балдар сабакты жерге отуруп же жатып алып, дептерди килемдин же жер төшөктүн үстүнө коюп алып жазышат.

Максат Осмоналиевдин фото долбоору «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда региондордогу аралыктан окутуунун чыныгы картинасын ачып берет жана мамлекетти жана жарандары билим берүү системасынын курч көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырат. Коронавирус пандемиясы калктын көпчүлүк бөлүгү абдан жакырчылыкта жашап, эң зарыл нерселер менен камсыз болбогонун көрсөттү. Көпчүлүк адамдар технологиялык каражаттарды колдонууга жөндөмсүз, компьютердик сабаттуулук билимдерине ээ эмес, мессенджерди колдонгонду билишпейт. Бул долбоор билим берүү инфратүзүмүндө терең көйгөйлөрдү ачып көрсөтөт, ошондой эле улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде бюджеттик артыкчылыктар жөнүндө маселелерди көтөрөт.

Бул жана башка баяндар 2020-жылдын жылдык отчетунда төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү.