Жооп: Гранттык каржылоонун алкагында чыгымдарды киргизүү Кыргыз Республикасында бекитилген бухгалтердик операцияларды жүргүзүүнүн талаптарына жооп бериши керек. Бюджеттин «айлык маяна» статьясын түзүү учурунда «Мамлекеттик милдеттүү социалдык камсыздандыруу боюнча салык тѳлѳѳчүлѳрдү каттоонун, камсыздандыруу тѳлѳмдѳрүн тѳлѳѳнүн жана каттоонун тартиби жѳнүндѳ инструкциясына», КР Салык кодексинин «Физикалык жактардын киреше салыгынын» 3 Бөлүмүнө таянуу керек. (14-бөлүмдүн 76-б, 84-б, 89-б)