Жооп: Жабдууларды сатып алуу учурунда ФСКнын грантты колдонуу шарттарында жана талаптарында кѳрсѳтүлгѳн Жабдууларды сатып алуу жана колдонуу тартиптерине таянуу керек («ФСКнын грантты колдонуу шарттарын жана талаптарын» караңыз).

Эгерде долбоордун алкагында каралган керектүү материалдар дүкѳндѳ жок болсо, анда канцтоварларды жана башка материалдарды базардан сатып алууга уруксат берилет. Товарларды базардан сатып алган учурда “Сатып алуу актын” отчетто кошо берүү керек. Анда тѳмѳндѳгү пункттар сѳзсүз толтурулушу керек: базаркомдун мѳѳрү, сатуучунун патентинин кѳчүрмѳсү же патенттин номери, патентти берген салык инспекциясынын райондук бѳлүмүн камтыган патенттин жарамдуу мѳѳнѳтү. Тѳмѳндѳгү саптар сѳзсүз толтурулушу керек: Акча тѳлѳдү, Акча алды, Суммасы сѳз менен жазылышы керек.

Эскертүү: Бардык алынган товарларга жана кеткен материалдарга Эсептен чыгаруу акты түзүлүшү керек.